Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Премьер-министр парламент алдында отчет берди.


БИШКЕК. 26-декабрда премьер-министр Николай Танаев Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын алдында өкмөттүн ушул жылдын өткөн 10 ай ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчет берди. Н. Танаевдин андагы билдирүүсү боюнча, быйыл Кыргызстандын макроэкономикасында туруктуулук сакталды. Аны инфляция көлөмүнүн 1% түзгөнү айгинелейт. Реалдуу тармакта ички дүң продукциянын көлөмү 62 миллиард 302 миллион 100 миң сом болуп, 2,1 %ке кыскарды. Бюджеттин киреше бөлүгү 10 айда 100,8 %, салык жыйноо 99 % аткарылды. Он ай ичинде 6,3 миллион доллар тышкы карыз үчүн, бир миллиард 80 миллион 800 миң сом ички карыз үчүн төлөнүп, тышкы карыз былтыркыга салыштырмалуу быйыл 6,5 эсе аз болду.
Өкмөт башчысы Николай Танаевдин отчету боюнча, 10 ай ичинде 34 миллиард 832 миллион сомдук өнөр жай товары өндүрүлдү. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 875 миллион 300 миң доллар болуп, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу быйыл 13,8 % өсүш байкалды. Бирок, экспортттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 1,6 % түшүп кетти.
Н. Танаев 17 багыттан турган отчет бергенден кийин ал депутаттардын суроолоруна жооп берди, бирок, отчетко палата али баа бере элек. Талкуу жума күнү уланат.

XS
SM
MD
LG