Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Президент С. Ниязовго каршы кутумдун уюштуруучусу кармалды.


Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов бүгүн Ашхабадда чет элдик журналисттер менен болгон кездешүүдө түркмөн оппозициясынын таанымал өкүлү Борис Шихмурадов кармалганын жарыя кылды.
Бирок, ал башка эч кандай маалымат бербеди. Түркмөн президентинин өкүлүнүн кабарлашынча, Б. Шихмурадов өлкө ичинде кармалган.
Б. Шихмурадов 2001-жылы өлкөдөн качып кеткенге чейин, Түркмөнстандын Кытайдагы элчисинин, андан мурда тышкы иштер министринин кызматын аткарган.
Президент С. Ниязов өткөн айда анын автоэскортуна болгон кол салуу үчүн Б. Шихмурадовду күнөөлөгөн.
Кечээ күнү Шихмурадов өзүнүн Интернеттеги веб-сайтында Түркмөнстандын улуттук коопсуздук министлигинин колуна түшүп берип, кол салууга катышы бар деген күнөө менен адамдарды камакка алууну токтотуу мерчеми бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG