БИШКЕК. 27-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн 2002-жылдын 10 ай ичинде жасаган иштери тууралуу премьер министр Николай Танаевдин отчетун талкуулап, токтом кабыл алды. Анда өкмөттүн элди жана экономика тармагын көмүр, газ, электр жылуулугу менен камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, табигый кырсык кесепеттерин жоюу жана калктын социалдык талаптарын аткаруу жаатындагы иштери канааттандырарлыксыз деп бааланып, өкмөткө социалдык-экономикалык абалды жакшыртуунун конкреттүү чараларын иштеп чыгуу милдети коюлду. Андан тышкары, өкмөттүн кепилдиги менен алынган чет элдик кредиттерди пайдалануу тууралуу маалымат берүүгө жана финансылык мыйзам бузгандарга талапты күчөтүүгө өкмөттү милдеттендирди.