Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Садриддин Жиенбеков дун айтымында, Майлуу-Суу электр-лампа заводунун акциясын алууну каалаган «Аврора Лайтинг» фирмасы сотто да жеңе албайт.


БИШКЕК. Майлуу-Суу электр-лампа заводунун акциясын тендерде жеңип алган орусиялык «В. А. В. С» компаниясынын вице-президенттери Александр Кофтун жана Виктор Фролов 27-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп, анда «тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууга аракеттенип жаткан орусиялык «Аврора Лайтинг» фирмасы заводду сатып алып, акырындап жоюу максатын көздөгөн болчу», - деп кабарлашты. Андан тышкары, «Аврора Лайтингдин» жетекчилеринин бири Владимир Тимофеевдин Кыргызстандагы «Электротехник» заводундагы мыйзамсыз иштерин Улуттук Коопсуздук Кызматы иликтеп жаткандыгын да маалымдашты. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков заводдун сатылышын териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков болсо, «Аврора Лайтинг» соттошсо да жеңе албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG