Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Ош аскердик соту Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын ишин кароону улантууда.


Ырысбай Абдраимов

МАЙЛЫ-СУУ. 27-декабрда Майлуу-Суу шаарында Ош аскердик соту Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын ишин кароону улантты. Аскердик соттун 27-декабрдагы отурумунда Шермамат Осмоновдун жактоочусу укук коргоочу Турсунбек Акунду, Аксы райондук кеңешинин төрагасы Эргешаалы Узукеевди жана райондук улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Бакыт Абдразаковду сотко чакыруу сунушун киргизди. Мамлекеттик айыптоочу жабырлануучулар менен Аксыдагы күбөлөргө чакыруу кагаздары өз убагында жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчыбековдун да сотко катышпагандыгынан, ага жекече аныктама чыгаруу өтүнүчү түштү. Мындан соң жабырлануучулардын сотту Кербен кыштагында өткөрүү талабынан улам сотко келе албастыгын билдирген С. Жайчыбековдун телеграммасы окулду. Окуяга күбө болушкан жана жабыр тартышкан 21 адамдын тергөөгө берген көрсөтмөлөрү, 13-жана 17-март күндөрүнүн ичиндеги прокуратуранын 4 токтому жана Боспиектеги ички иштер кызматчыларынын аракетин туура тапкан тергөөчүнүн токтому уктурулду.

XS
SM
MD
LG