Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын биринчи жолугушуусу аяктады.


БИШКЕК. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын аныктоочу өкмөт аралык комиссия экинчи жолу 2003-жылдын март айында жолугушат. Мындай маалымат 27-декабрда Кыргызстандын премьер-министринин аппаратынын регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдон алынды. Анын маалыматына караганда, комиссиянын 23-декабрдан 27-декабрга чейинки Бишкекте өткөн биринчи сүйлөшүүлөрүнүн учурунда комиссиянын мындан аркы иштөө тартиби тууралуу атайын жобо иштелип чыкты жана жалпы проблемалар аныкталды. Чек араны делимитациялоо маселеси кийинки сүйлөшүүлөрдө улантылат. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларынын узундугу 940 километр жана талаш-тартыш канча жер бар экени азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG