БИШКЕК. 27-декабрда эртең мененки саат ондон 57 минут өткөндө Бишкек шаарындагы «Дордой» базарынын жакын жайланышкан «Оберон» фирмасына тиешелүү соода түйүнүндө жарылуу болду. Кырсыкты иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башчысы, биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмоновдун маалыматына караганда, жарылуудан алты адам жеринде, жетинчиси оруканада каза болгон. Мындан сырткары жарадар болгон он тогуз адам Бишкектеги төртүнчү оруканага жеткирилген. Жардыруудан үч соода кылуучу контейнер толук түрдө, жети контейнер жарым жартылай талкаланган.
Курманбек Осмоновдун айтымында, учурда кырсыктын чыгуу себептери иликтенүүдө. Каза болгондордун жана жарадар болгондордун аты-жөнү такталууда.
Курманбек Осмоновдун айтымында, учурда кырсыктын чыгуу себептери иликтенүүдө. Каза болгондордун жана жарадар болгондордун аты-жөнү такталууда.