Ооганстанда тогуз киши кармалып, камакка алынды. Алардын баары жакында америкалык аскер базаларын бир нече курдай ракетадан аткылаган адамдар болушу керек деген шек-шыбаа менен кармалды. Америкалык командачылыктын өкүлдөрү ырасташкандай, Хост шаарында ракета атуучу техникалык жабдуу-жарактар табылган. Куралдар жана ок-дүрмөттөр конфискацияланды.