Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Ашхабадда газ куурунун курулушу тууралуу келишим түзүлдү.


Ашхабадда бүгүн газ куурунун курулушу жөнүндө келишим түзүлдү. Келишимге Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов, Ооганстандын лидери Хамид Карзай жана Пакистандын премьер-министри Мир Зафарулла Хан Жамали кол коюшту. Келишимде каралган долбоор боюнча, Түркмөнстандын Давлетабад газ кенинен Ооганстан аркылуу Пакистандын Мултан шаарына чейинки бир жарым миң чакырым аралыкка куур жаткырылууга тийиш. Курулуштун жалпы наркы бери дегенде эки миллиард доллардан ашат.

XS
SM
MD
LG