Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Украинанын президенти Леонид Кучма жаңы мыйзамга кол койду.


Украинанын президенти Леонид Кучма кылмыштуу жолдор менен табылган кирешени легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамга кол койду. Анда финансылык операцияларга көзөмөл жүргүзүүчү өкмөттүк структураларга 1-январдан тартып кошумча укуктар берилген. Бул мыйзам Украинаны Батыштын бир катар өлкөлөрү жарыялаганы жаткан санкциялардан сактап калуу максатында кабыл алынды. Арам акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюм жакында Украинаны аталган чөйрөдө активдүү чараларды көрбөй жатканы үчүн сынга алган эле.

XS
SM
MD
LG