Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Кийинки жылы Латвияда Европа Биримдигине кошулуу боюнча референдум өткөрүлөт.

Латвияда алдыдагы жылы эрте күздө элдик референдум өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Вайра Вика-Фрайберганын басма сөз катчысы маалымдады. Референдум 20-сентябрга белгиленди, ага Латвиянын Евробиримдикке кошулушу жөнүндөгү маселе коюлат. Бул маселе боюнча Эстония да сентябрда, ал эми Литва май айында референдум өткөргөнү жатышат. Балтика кылаасындагы бул үч өлкө 2004-жылы майда Евробиримдикке алынышы керек.
XS
SM
MD
LG