Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Грозныйда чечен өкмөтүнүн имаратынын алдында бомба жарылды.


Грозныйда бүгүн Чечен өкмөтүнүн имараты алдында бомба жарылды. Андан, акыркы такталган мааалыматтар боюнча, 40тай адам набыт кетти, 60тайы жарадар болду. Уранды алдында канча киши калганы азырынча белгисиз. Курман болгондор арасында аскери өкүлдөр,чечен администрациясынын кызматкерлери бар. Бомба жарылган маалда имаратта 200дөй кызматкер болгон дешет. Жетекчилер арасынан эч ким жабыркаган жок. Өкмөт үйүнүн имаратына дээрлик бир тонна жарылма зат жүктөлгөн эки машина келип урунган. Аларды жанкечтилер айдап келишкен. Бийликтер бул ишти Шамил Басаев уюштурду деп айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG