Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Пакистандык экстремист Азиф Захир быйыл террордук иштерге катышканын моюнга алды.


Пакистандык экстремист Азиф Захир быйыл террордук иштерге катышканын моюнга алды. Атап айтканда,майда бир автобус жардырылып, андан 14 киши, негизинен франциялык адистер мерт болушкан эле. Захир Карачидеги америкалык дипломаттарга кол салуу ишин даярдаган деген шек-шыбаа менен кармалган. Талиптердин учурунда Ооганстанда террордук иштерге жатыгып, атайын даярдыктан өткөнүн Захир моюнга алды. Ооганстандагы антитеррордук контингенттин колбашчысы, америкалык генерал Дэн Макнилл кечээ “Аль-каида” уюмунун калган-каткан отряддарын толук талкалоо үчүн Пакистанга активдүү көмөк зарыл экендигин белгилеген эле. Бүгүн Индиянын ички иштер министрлиги алькаидачылар менен талиптер Пакистанда кайра топтолуп, күчүн жыйнап жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG