Францияда “Аль-Каида” уюму менен чечен сепаратисттеринин тарапкерлери ашкереленди. Өлкөнүн ички иштер министрлиги билдирген маалыматтарга ылайык, жакында Парижде кармалган тогуз экстремисттин төртөөнө кылмыш иши козголуп, тергөө башталган эле. Анын жүрүшүндө аныкталгандай, экстремисттердин баары алжирликтер болуп чыкты, алардан үчөө Грузиянын Панкиси капчыгайында даярдыктан өтүшкөн. Францияга алар бул жердеги россиялык обьекттерге, анын ичинде орус элчилигине кол салуу максатында келишкен.