Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Хеврондо жөөт аскерлери палестиналык эки активисттин үйүн сүздүрүп салышты.


Бүгүн Хеврондо жөөт аскерлери палестиналык эки активисттин үйүн сүздүрүп салышты. Аларды Израиль тарабы кечээги террорго тиешелүү деп эсептешет. Иерусалимде мина коюлган бир машина жарылып, андан, полициянын маалыматы боюнча,террорчунун өзүнөн башка эч ким жабыркаган жок. Мунун алдында куралдуу эки палестин кишиси төрт жөөттү атып, дагы сегиз адамды жарадар кылышкан эле. Кийин алар жөөт аскерлеринин огунан өлүштү. Ал эми АКШнын Нью-Жерси штатында палестиналык “Хамас” тобун финансылык жактан каржылап келген бизнесмен камакка алынды. Эмки аптада анын соту болот, эгер ал күнөөлүү деп табылса, беш жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG