Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Грозныйдагы жардырууну эч ким өзүнө ала элек.


Грозныйда өкмөт имаратында жарылган бомбадан набыт болгондордун саны такталууда. Ырасмий өкүлдөрдүн айтымында, жаңыдан аныкталган маалыматтар боюнча 55тей киши мерт болуп, 120дай адам жаракат алышты. Башка бир булактардын эсептеринде набыт болгондордун саны 40-50дөй чыгат деп айтылууда. Азырынча бул иш үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Россиялык бийликтер террорду Аслан Масхадовдун кишилери уюштурду деп эсептешет. Ал эми Масхадовдун өкүлү Ахмед Закаев террорду айыптады, бирок Чеченстанда зордук-зомбулуктун күч алып жатканы үчүн күнөөнү Россияга жүктөдү. АКШнын бийликтери да чечен күчтөрүн террордук топтор менен бардык байланышын үзгөнгө чакырышты. Кытайдын төрагасы Цзянь Цземинь бул окуяга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтуу жиберди.

XS
SM
MD
LG