Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Президент Жорж Буш АКШнын алдыдагы жылдагы башкы милдеттерин атады.


Президент Жорж Буш АКШнын алдыдагы жылдагы башкы милдеттерин атады. Терроризмге каршы күрөш, Иракты куралсыздандыруу жана өлкөнүн экономикасын жандантуу, Буштун сөздөрү боюнча, 2003-жылда Вашингтон администрациясы үчүн приоритеттүү багыт болмокчу. Бул тууралуу Буш бүгүн кезектеги радио кайрылуусунда билдирди. Америкалык аскерлер дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун террористтердин шыйрагын чагат, деп айтты Буш. Ирак президенти Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралдарга ээ болуу мүмкүндүгүн Буш азыркы дүйнөнүн экинчи олуттуу проблемасы катары атады. Буш ошондой эле конгресс менен ийиндеше иштешип,жумушчу орундарды көбөйткөнгө, экономиканы оожалтканга сөз берди.

XS
SM
MD
LG