БУУнун качкындар агенттигинин маалымдашынча, өткөн жылы мекенине кайтып келген 2 миллиондой Ооган жаранын кетирбей кармоо үчүн, жаңы жумуш орундарын тезинен түзүү зарыл.
Агенттиктин өкүлү Маки Шинохаранын сөзүнө караганда, мекенине кайтып келген качкындарды иш менен камсыздоо үчүн жолдор менен арык-каналдарды оңдоону жана башка курулуш иштерин тездетүү зарыл.
БУУнун программасына ылайык, талибан өкмөтү кыйрагандан берки 1 жыл ичинде чет өлкөдөн 1 миллион 800 миңдей ооган бозгуну мекенине кайта алып келинип, өлкө ичинде жер кезип кеткен жарым миллиондой адам үй-жайына кайтарылган.