Батыш Иордандын Тулкарем шаарында Израилдик жоокер палестиналык баланы атып өлтүргөнүн Батыш маалымат агенттиктери кабарлашты.
Палестин бийликтеринин маалымдашынча, Израилдик аскерлерди таш бараңга алып жаткан мектеп окуучулары тарапка атылган октон дагы бир 11 жаштагы бала жарадар болгон.
Кечээ күнү Газа шаарынын четиндеги Хан Юнус качкындар лагеринде израилдик жоокердин огунан 9 жашар баланын өмүрү кыйылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, 2000-жылдын сентябрь айынын соңунда башталган интифададан бери кеминде 1750 палестиналык жана 675 израилдик набыт болгон.