Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Түндүк Кореянын ядролук программасын дипломаттар токтото алабы?


Түндүк Кореянын ядролук программасын дипломаттык жол менен токтотуу аракети кандай натыйжа берерин Вашингтон бир ай бою байкап көрүүгө даяр. Түндүк Кореяны коркутуп, кырдаалды татаалдантууну АКШ каалабайт,- деп билдирди АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэлл бүгүн Вашингтондо.
Бирок, Түндүк Кореянын ядролук программасы- өтө кооптуу маселе жана ага Вашингтон кылдат көз салып турат деп эскертти К. Пауэлл.
Ырасмий Пхеньян өткөн аптада БУУнун инспекциясын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырып, Йонбен атомдук электр станциясын кайра иштетүүгө даярдык көрө баштаган.
Эл аралык коомчулукта АЭСтин реактору ядролук куралга зарыл плутонийиди өндүрүү үчүн пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуу күчтүү.
Бүгүн эртең менен Австралиянын тышкы иштер министри Александр Доунер Кытай менен Россияны бар кадырын ортого салып, Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG