КАРАКОЛ. Областтык ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, 17 күндүн ичинде эле Каракол шаарындагы соода түйүндөрүнөн 5, Ысык-Көл районунан 4 жана Түп районунан бир жасалма 1000 сомдук акчалар менен соода-сатык жүргүзүшкөн адамдар кармалып, бул факты боюнча кылмышкерлердин уюшкан 3 тобунун бар экендиги аныкталды. Учурда аталган башкармалыктын экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан миң сомдук жасалма акчаларды даярдап чыгаруучу жайды аныктоо максатында оперативдик издөө тобу түзүлдү.
Шейшекан Жаналиева