Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Талас районундагы Арал айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылынын жашоочулары билим берүү министрлигине нааразылык кат жолдошту.


Машакбай Рахманкул уулу

ТАЛАС. Талас районундагы Арал айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Турмуш айылынын жашоочулары билим берүү министрлигине нааразылык кат жолдошту. Жаңы Турмуш айылынын негизинен жаштардан турган жетимиштей үй-бүлө мүчөлөрү өз балдары үчүн 500 орундуу мектептин курулушун колго алышып, алардын бул демилгесин Каунтерпарт Консорциум колдогон жана 4163 доллар гранттык жардам көрсөткөн эле. Жардамга шерденген ата-энелер мектептин курулушун быйылкы окуу жылынын 1-сентябрына карата даяр кылышкан. Бирок мектепке электр линиясын тартып берүү милдетин алган райондук администрация убадасын ушул күнгө чейин аткара элек. Айылдын ишкери Райкан Алканов жаңы парталардан жардам берсе, аларды «Мээрим» фондусу Көпүрө-Базар айылында ачкан лицейге алып кетишип, ордуна эски парталарды берип коюшкан. Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги жаңы мектепти келээрки окуу жылында ачууну сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG