Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:26

Жалал-Абад областында керектөөчүлөргө берилген газдын басымы төмөн бойдон калууда.


Рысбай Абдраимов

ЖАЛАЛ-АБАД. 30-декабрда Жалал-Абад шаарынын бир катар тургундары соңку 6-7 күндөн бери табигый газ менен камсыз кылуу начарлап, үйдү жылытуу эмес, тамак бышырууга мүмкүнчүлүк болбой калганын билдиришти. Губернатордун орун басары Салиев Бактиярдын маалыматына караганда, азыр областка Өзбекстандан 1,4 атмосфера басымында газ келүүдө. Нормадагы газды калыбына келтирүү үчүн, бүгүн областтын газ чарба башчысы Өзбекстандагы кесиптештери менен сүйлөшкөнү Фергана шаарына жөнөп кетти. Областтык газ чарбасы билдиргенине караганда, газдын азаюусуна элдин тең жарымысынын газ акысын төлөбөгөнү да себепкер болгон. Газ боюнча карыз областта 41 млн. сомду түзөт.

XS
SM
MD
LG