Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Аксы окуясын иликтеген көз карандысыз коомдук комиссия менен адам эркиндиктери жана укуктары институту билдирүү таратты.


БИШКЕК. Аксы окуясын иликтеген көз карандысыз коомдук комиссия менен адам эркиндиктери жана укуктары институту Аксы окуясы боюнча айыпталгандарга берилген жазага байланыштуу 30-декабрда билдирүү таратты. Ал тууралуу көз карандысыз коомдук комиссиянын төрагасы Топчубек Тургуналиев 30-декабрдагы маалымат жыйынында кабарлады. Билдирүүдө «Аксы окуясына Президент, Жогорку Кеңеш, Коопсуздук Кеңеши жана Өкмөт тарабынан саясий баа берилген жок жана Ош аскердик соту Аксыдагы ок атуунун айрым гана жактарын иликтеп, негизги себептери менен фактыларын караган жок», деп айтылат. Билдирүүнүн авторлору муну менен бийлик Аксы окуясы тууралуу чындыкты элден, дүйнөлүк коомчулуктан жашырып, сот жоопкерчилигинен кутулууну көздөөдө деп, соттун өкүмүн адилетсиз катары баалашкан. Алар буга көп күбөлөрдүн сотко катышпагандыгы, соттун окуя болгон жерде өткөрүлбөгөнү негиз берерин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG