Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусунун мыйзамдуулугун январь айында карай баштайт.


БИШКЕК. Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек ара макулдашуусунун мыйзамдуулугу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11 депутататынын доо арызын 15-январдан тарта карай баштоосу ыктымал. Бул тууралуу 30-декабрда доо арыз берген депутаттардын бири Азимбек Бекназаров билдирди. Анын маалымдоосуна караганда, дүйшөмбү күнү Конституциялык Сот депутаттар Азимбек Бекназаровго, Ишенбай Кадырбековго жана Исмаил Исаковго кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча топтолгон материалдарды тапшырды. Ал тапшырылгандан кийин 10 күндөн кийин сот ишти карай баштоого тийиш. «Биз Конституциялык Соттон иштин мамлекеттик тилде каралашын талап кылдык», деди Бекназаров. Анын айтымында, Конституциялык Сотко доо арыз менен кайрылган 11 депутат өз кызыкчылыгын коргоону Бекназаровго, Кадырбековго жана Исаковго тапшырды. 1996 жана 1999-жылдагы кыргыз-кытай чек ара макулдашуулары парламентте Конституциянын бир катар беренелерин бузуу менен ратификацияланган деген депутаттар, 2002-жылдын 16-майында Конституциялык Сотко аны жокко чыгаруу арызы менен кайрылган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG