Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

«Дордой» базарындагы жарылуунун себеби аныктала элек.


БИШКЕК. 27-декабрда «Дордой» базарындагы «Оберон» фирмасына таандык соода түйүнүндөгү жарылууну иликтеген «Манас» аэропортундагы Эл аралык Антитеррористтик Коалициянын адистери жарылуу болгон жерди алдын-ала текшергенде, эмнеден жасалганы белгисиз жардыргычтын калдыктарын табышкан. Мындай маалыматты 30-декабрда «Кыргыз-Инфо» агенттиги жазып чыкты. Ал маалыматка караганда, Ганси базасынын адистери жарылуудан кийин алынган абаны текшерип, ушундай жыйынтыкка келишкен. Жарылууга күбө болгон адамдардын айтымында, жарылуу өтө тез болуп, учкун же от чыкпай дароо кара түтүн каптап кеткен. Адистердин айтымында, мындай көрүнүш тротил, пластида же аммонит тибиндеги жардыргычтарга мүнөздүү. Ал эми Ганси авиабазасынын коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Елизабет Ортиз жардыргыч тууралуу маалыматтын чын -төгүнү 31-декабрда гана ачыкка чыгаарын «Азаттык» радиосунун кабарчысына билдирди. Окуяны иликтеп жаткан ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы экспертизанын жыйынтыгы али чыга электигин кабарлады.

XS
SM
MD
LG