Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

Бишкектин «Дордой» базарындагы жарылуудан жапа чеккендер дарылануусун улантууда.


БИШКЕК. 27-декабрда Бишкектеги «Дордой» базарында болгон жарылуудан жапа чеккен 50дөн ашуун адамдардын ичинен 23ү борбордогу ооруканаларда дарыланууда. Алардын арасынан 21 адам шаардагы № 4 тез жардам көрсөтүүчү ооруканада, 1 адам Улуттук Госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө, дагы бир киши Улуттук хирургия борборунда жатат. Алардын ал-абалы туруктуу деңгээлде. Тез жардам көрсөтүүчү ооруканада жаткан 21 адамдын бирөөсү реанимация бөлүмүнөн чыгарыла элек. Өткөн жума күнкү жарылуудан каза болгондордун саны 7 киши . Бул тууралуу 30-декабрда саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жабырлануучуларга медициналык жана башка жардам көрсөтүү үчүн Бишкек мэриясы 500 миң сом, «Оберон» фирмасы 200 миң сом бөлүп берди. Дары-дармек жетиштүү. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов жекшемби күнү ооруканаларга барып, жабырлангандардан кабар алды. Кыргыз өкмөтү «Дордой» базарындагы жарылуудан каза болгон адамдардын туугандарына көнүл айтып, ага жол бергендер жазасын аларын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG