БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун коомдук жардамчысы Ысман Бабатаевди Таш-Көмүр шаарына караштуу Майли-Сай шаарчасында 31-декабрда эртең мененки саат 10 до белгисиз бирөөлөр сабап кеткен. Бул тууралуу шейшембиде Бекназаровдун коомдук жардамчысы Сапарбек Райымкулов маалымдады. «Бул инцидент Бабатаевдин Аксы окуясы боюнча сот процессин элге жеткирип, элдин нааразычылыгын «Азаттык» радиосуна билдиргенден бир сутка өтпөй болуп жатат. Бул жигит депутат Бекназаровдун жардамчысы жана Аксыдагы саясий акциялардын активдүү катышуучусу экенин бийлик жакшы билет»,-деди Райымкулов.
Азимбек Бекназаровдун коомдук жардамчысын белгисиз бирөөлөр сабап кетти.