БИШКЕК. «27-декабрда «Дордой» базарындагы жарылууга эмне себеп болгондугу азырынча белгисиз», - деп билдирди 31-декабрда Антитеррористтик Коалициянын «Манас» аэропортунда жайгашкан аскер тобунун коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Елизабет Ортиз. Анын маалыматына караганда, Ганси авиабазасынын адистери иликтөөнү кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү менен жүргүзүүдө, бирок, жарылууга түздөн–түз эмне себеп болгону аныктала элек. Антитеррористтик Коалициянын тобу муну менен катар жарылуудан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, ушундай кыйынчылык болгон учурда дайыма жардам берүүгө даяр экендиктерин да билдирди. Ал эми жарылууну иликтеп жаткан ички иштер министрлиги бул тууралуу эч кандай маалымат берген жок.