Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:44

Кытайлык жумушчулар коррупцияга каршы демонстрация өткөрүштү.


Кытайдын түндүк чыгышындагы Лиаонинг провинциясынын жумушчулары коррупцияга жана эмгек акыларынын өз маалында төлөнбөөсүнө каршы демонстрация өткөрүштү.
Нью-Йоркто жайгашкан адам укугун коргоочу “China Labor Watch” уюму бүгүн билдиргенге караганда, демонстрацияга 2 миңдей жумушчу катышкан.
Укук коргоочу уюмдун маалымдашынча, Кытайдын түндүк-чыгышында мамлекеттик башкаруудагы өнөр жай ишканаларынын иши жүрүшпөй, миллиондогон адамдар жумушсуз отурууга мажбур.
XS
SM
MD
LG