Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Дүйнө өлкөлөрү жаңы жыл алдында коопсуздук чараларын күчөттү.


Маселен, жаңы-жылдын түнүндө Орусия шаарларынын көчөлөрүн көзөмөлдөө ишине 250 миңдей милиция кызматкери тартылмакчы. Москва бийликтери шаардын борборундагы дүкөндөргө алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыю салынганын билдирди. Франциянын баш калаасы Парижде да эл көп топтолуучу жайларды, аэропорттор менен темир жол станцияларын көзөмөлдөөчү полицейлердин саны көбөйтүлдү. Индонезиянын баш калаасы Жакартада жаңы-жылдын түнүндө, көчөгө 200 миңдей полицей чыкты.
Австралия бийликтери болсо жаңы жыл белгиленип жаткан учурда Сидней шаарынын борбордук районуна автоунаалардын киришине тыюу салган.

XS
SM
MD
LG