Латын Америкасындагы бул өлкөдө акыркы беш аптадан бери президент Уго Чавестин отставкасын талап кылган иш таштоо өтүп жатат. Демонстранттар Чавести экономиканы талкалаганы жана өлкөдө диктатордук режим орнотууга аракеттенип жатканы үчүн айыптоодо. Иш таштоонун лидерлери билдиргендей, нааразылык акциясы президент Уго Чавес өз эрки менен кызматтан кетмейинче же мөөнөтсүз президенттик шайлоо жарыяламайынча улантылат.