1-январдан тартып Босния-Герцоговинада Европа Биримдигинин мандаты астында жайгаштырылуучу 500дөй полицей иштейт. Бирок, полицейлердин арасында Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын да өкүлдөрү бар. Бул Европа Биримдигинин алгачкы бейпилдик миссиясы болот. Жаңы жылдын башында НАТО уюму да Босниянын коңшусу - Македонияда бейпилдик операциясын башкарууну Европа Биримдигине өткөрүп берээри күтүлүүдө.