Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:05

Түркмөнстандын оппозиция лидери Б. Шихмурадовго карата мыйзамсыз өкүм чыгарылды, деп билдирди адам укуктарын коргоочу эл аралык уюм.


Бүгүн эл аралык «Хьюман Райтс Уотч»" уюму ушундай билдирүү жасады. Дүйшөмбү күнү Түркмөнстандын парламенти -Элдик Кеңеш, Борис Шихмурадовду «президент Сапармурад Ниязовго жасалган кол салууну уюштурду» деген айып менен өмүр бою түрмөгө кескен. Укук коргоочулардын пикиринде, Б. Шихмурадов күнөөсүн моюнуна кысым көргөзүүнүн аркасында алганында эч шек жок. «Хьюман Райтс Уотчтун» өкүлү президент С. Ниязовго кол салуу иши боюнча жүргүзүлгөн тергөөнү Сталиндин убагында, 30-жылдары орун алган жараяндарга теңештирди.

XS
SM
MD
LG