Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Иракта эл аралык инспекция уланууда.


Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирак бийликтери инспекторлор менен кызматташып жаткан азыркы шартта ага карата аскерий операция жүргүзүү үчүн кандайдыр-бир жүйөө жок деп эсептейт. Аннан бул тууралуу бүгүн Израил радиосуна берген маегинде айтты. Ал эми Кошмо Штаттардын пикиринде, Ирак азыр деле өлкөдө массалык кыргын салуучу куралдар жок экенин ырастаган ишенимдүү далилдерди бере элек. Январь айынын экинчи жана үчүнчү аптасынын аралыгында Багдадга МАГАТЭ уюмунун төрагасы Мохаммед эль-Барадей менен БУУнун курал жарак инспекторлорунун башчысы Ханс Бликстин бараары күтүлүүдө. 27-январда Ханс Бликс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде отчет бериши керек. Ал эми дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракка атайын уруксатсыз алып кирүүгө тыюу салынган товарлардын тизмесин кеңейтти. Ал товарлар аскердик максатта колдонулушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG