Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Түндүк Корея эл аралык инспекторлорду өлкөдөн чыгаруу менен өзөктүк куралдарды таратпоо жөнүндөгү келишимди бузду.


Бул тууралуу бүгүн БУУнун атом энергетикасы боюнча агенттиги - МАГАТЭ уюмунун өкүлү Мелисса Флеминг билдирди. МАГАТЭнин өкүлү белгилегендей , эми Пхеньян кайра ачылган атомдук реактор аркылуу өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү плутонийди эч тоскоолдуксуз өндүрө алат. Түндүк Кореянын Орусиядагы элчиси Пак Ы Чундун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, анын өлкөсү азыр жогорудагы келишимде каралган милдеттемелерин аткара албайт. Түндүк Кореялык жогорку даражалуу дипломат бул үчүн жоопкерчиликти АКШга жүктөдү. Анын айтымында, Вашингтон Түндүк Кореяга коопсуздук кепилдигин бериши керек. Түндүк Корея бийликтеринин талабына ылайык МАГАТЭ эксперттеринин акыркы экөөсү өлкөдөн шейшембиде чыгып кетти.

XS
SM
MD
LG