Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:11

Президент А. Акаевге Улуу Петр атындагы сыйлык ыйгарылды.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Президент Аскар Акаевге Орусиянын «Жаңы доордун мыкты менеджери» деп аталган коомдук фондунун Улуу Петр атындагы эл аралык сыйлыгы ыйгарылат. Бул тууралуу бейшемби күнү президенттин маалымат кызматы кабарлады. Алынган маалыматка карганда, мындай сыйлык орусиялык жана чет элдик жарандарга, Орусия менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы саясий, социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилет. Аталган сыйлык менен буга чейин Кофи Аннан, Маргарет Тэтчер, Билл Клинтон, Евгений Примаков, Садако Огата сыяктуу дүйнөгө белгилүү саясатчылар сыйланышкан.

XS
SM
MD
LG