Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

«Дордой» кырсыгынын чыгымдары эсептелип бүтө элек.


БИШКЕК. «Кабар» агенттигиндеги пресс-конференцияда билдирилген ушул эле күнкү маалыматка караганда, 27-декабрда болгон «Дордой» базарындагы жарылуу 6 миң 400 квадрат метр өлчөмүндөгү аймакка таасир эткен . Набыт болгондордон тышкары 7 адам ооруканалардын реанимациялык бөлүмдөрүндө чукул жардам көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары дагы 20дан ашык адам ооруканага жаткырылды. 20дан ашык адамга тыштан медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Жарылуу учуруда «Оберон» соода борборунун буюмдарды сактоочу жайы, даараткана, үч контейнер толук талкалаганган жана аларга жанаша жайгашкан 11 контейнер ар кандай деңгээлде жабыркаган. Кырсык алып келген материалдык чыгымдардын өлчөмү эсептелип бүтө элек.
Кошумчалап койчу жагы, Бишкек шаарынын чекесинде жайгашкан «Дордой» соода комплексинин тутумунда негизги базардан тышкары «Мурас Спорт», «Оберон», «Алканов», «Жунхай-Дордой», «Кербен» соода борборлору жайгашкан жана аларга таандык 6 миңден ашык соода контейнерлеринде жергиликтүү жарандар чекене жана дүң соода жүргүзүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG