Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Эксперттер «Оберон» соода борборуна жардыргыч зат коюлган деген бүтүм чыгарышты.


БИШКЕК. 7 адамдын өлүмүнө алып келген 27-декабрдагы «Дордой» кырсыгы «Оберон» соода борборунун буюмдарды сактоочу жайына коюлган жардыруучу заттардын жарылуусунан келип чыккан. 2-январда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, коопсуздук жана ички иштер кызматтары, ошондой эле «Манас» аба майданында жайгашкан «Ганси» Эл аралык Антитеррордук Коалициянын көз карандысыз иликтөө тобу бир апталык иликтөөдөн кийин ушундай бүтүмгө келишкен. Бири-биринен көз карандысыз иш жүргүзгөн эксперттик топтор ошондой эле бул жардыргыч заттар атайын максаттуу түрдө коюлушу мүмкүн деген божомолду айтышууда. Дүйшөбаевдин билдиришинче, кырсыкты жардыргыч зат менен байланыштырган эксперттердин алгачкы бүтүмүнө караганда, кырсыкты теракт катары баалоого толук негиз бар. Ички иштер министрлиги кырсыктын айыпкери катары азия улутундагы 20-30 жаш курагындагы эки жаш адамдын фотороботун иштеп чыкты. Буюм сактоочу жайдын кызматкерлеринин эсинде бул эки адам бейтааныш жана шектүү адамдар катары сакталып калышкан. Мындан тышкары тергөө топтору кырсык боюнча төрт божомолдун, атап айтканда, кислород же газ баллондорунун, пиротехника буюмдарынын жарылышына, криминалдык топтордун өз ара кек алышуусуна байланышкан божомолдордун айланасында да иштеп жатышат. «Дордой» кырсыгы президенттин жана өкмөт башчысынын көзөмөлүндө тыкыр иликтөөгө алынууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG