Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Түндүк деңизде кырсыкка учураган танкерден коркунуч жок.


Бельгиянын жээк кайтаруу кызматынын билдирүүсүнө караганда, Түндүк деңизде мурда автоунааларды тартып келе жатып чөгүп кеткен кеме менен кагышкан танкерден бир аз мунай төгүлгөн, бирок анын төгүлүшү мындан ары да уланат деген коркунуч аз. Түркияда катталып, бортунда 66 миң тонна керосин алып жүргөн «Вики» танкери өткөн айда Норвегиянын автоунаа тартып келе жатып чөгүп кеткен «Триколор» кемеси менен кечээ түнү кагышкан эле.
Ал эми бүгүн Франциянын Жиронда чөлкөмүнүн кээ бир жээктери жабылып, ал жерди мунайдан тазалоо иштери башталды. Ноябрь айында океанга чөгүп кеткен «Престиж» танкеринен төгүлгөн мунай буга чейин Испанияда жүздөгөн чакырым жээкти булгаган.

XS
SM
MD
LG