Бул туралуу бүгүн Йемендин мамлекеттик гезити жазып чыкты. Гезиттин малыматына караганда, америкалык үч миссионерди өлтүрдү деп шек саналып жаткан Абед Абдель Разак Камель - жергиликтүү исламчыл экстремисттик топтун мүчөсү, мурдараак «Аль-Каиданын» өкүлдөрү, атап айтканда Аден портунда АКШнын «Коул» деген аскердик кемесине кол салган террорчулар менен жолуккан. АКШ өкмөтү Йемендин түштүгүндөгү Жибла шаарына тергөөчүлөрдү жөнөттү. Американын үч жараны өткөн аптанын дүйшөмбүсүндө, шаардагы баптисттик ооруканада өлтүрүлгөн.
Йеменде америкалыктарды өлтүргөн кылмышкер - исламчыл уюмдун мүчөсү экендиги тууралуу маалыматтар пайда болду.