Израил менен Палестинанын эки укук коргоо уюму бирдей жөөт бийликтеринин палестиндерди административдик камакка алуу саясатын айыптады. Маселен, Израилдин «Б 'Тcелем» деп аталган укук коргоо уюму жөөт өкмөтүнөн 1000ден ашун палестинди бошотууну талап кылды. Алардын эсебинде, жогорудагыдай сандагы палестин соттун чечимисиз жана айып коюлбай туруп эле камакта отурат. Ал эми Палестинанын Адам укуктарын жана айлана чөйрөнү коргоо коому административдик камоо эл аралык мыйзамдарга каршы келээрин билдирди.
Бүгүн болсо Израил аскерлери Газа секторунун борборунда тик учмалардын колдоосу астында палестин качкындары жашаган эки лагерге рейд жасады. Атышуу учурунда бир нече палестин жаракат алган. Ал эми Газа секторунун түштүк тарабындагы Рафак кыштаганда жөөт аскерлери палестиндерге караштуу төрт үйдү сүздүрүп салган. Жөөт бийликтери түшүндүргөндөй, мындай чаралар палестин аймактарындагы антитеррордук компаниянын алкагында жүргүзүлүүдө.
Бүгүн Израил полициясы Йордандын Батыш жээгинен кечээ жоголгон 70 жаштагы жөөт жаранынын сөөгүн тапты. Аны өлтүргөнү үчүн жоопкерчиликти "Альаксы бригадасынын азапкерлери" атуу палестин уюму алды.