Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Жаңыдан уюштурулган «Элмурас» партиясы оппозиция өкүлдөрүнүн айрым сунуштарын колдойт.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Кыргызстанда жаңыдан уюштурулган «Элмурас» партиясы, оппозиция өкүлдөрүнүн кыргыз-кытай чек-ара маселесин жалпы элдик референдумдун күн тартибине киргизүү демилгесин көтөргөндүгүн колдойт. Мындай пикирин аталган партиянын жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаева партиянын уюштурулуша байланыштуу жума күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымына караганда, «Элмурас» партиясы борбордук маанайдагы саясий көз-карашты тутунат, бирок жалпы элдин кызыкчылыгы көздөгөн маселерде өз көзкарашын ачык чагылдырат. Өз ишмердүүлүгүндө аталган партия кыргыз элинин маданий, тарыхый мурастарын, улуттук баалуулуктарын кайрадан жандандырууга ар тараптуу аркеттенет. «Учурда республиканын жер-жерлеринде «Элмурас» партиясынын 1000ден ашуун мүчөлөрү бар. Мындан сырткары 300гө жакын адам жакында мүчө болуп кабыл алынат», - деп кошумчалады Токтокан Боромбаева.

XS
SM
MD
LG