Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

«Моя столицага» каршы кезектеги сот жараяны башталды.


БИШКЕК. «Моя столица» гезитине каршы берилген кезектеги доо арыздын негизинде сот ишин Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 8-январда баштайт. Бул күндү райондук сот тараптардын 3-январдагы алгачкы жолугушуусунун учурунда белгиледи. Бул сот ишинин башталышына Ички иштер министрлигинин доо арызы негиз берди. Министр Бакирдин Субанбековдун колу коюлган доо арызда «Түштүктүк болуу кооптуу болуп калды» («Быть южанином уже опасно») аттуу макалада Ички иштер министрлигине жалаа жабылганы белгиленип, арыз ээлери ал үчүн гезиттин кечирим сурашын талап кылып, моралдык чыгым үчүн гезиттен жана автордон 500 миң сом өндүрүп берүүнү соттон сурашкан. Макаланын автору Замир Өcөров ушул эле күнү макала фактынын негизинде жазылгандыгын, доо арыздын негизсиздигин белгиледи. Ал өз макаласында Аксы-Ош-Бишкек жөө жүрүшүнүн катышуучуларын Бишкекте ички иштер кызматкерлери жашаган жерлерине 19-декабрда күчтөп кайтарганын белгилеп, мындай аракеттин мыйзамсыздыгын жазган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG