Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

ЕККУнун КЕҢСЕСИ БЕЛАРУСТА КАЙРА АЧЫЛАТ.


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн жылдын октябр айынан бери иштебей калган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) Минскидеги кеңсеси жакында кайра ачылат. ЕККУ менен Беларус ортосундагы бул тууралуу келишимге 30-декабр күнү Вена шаарында кол коюлду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна өткөн жылы Португалия төрагалык кылган жана өтүп бараткан жылдын акыркы күндөрүндө ЕККУ менен Беларус ортосунда бузулган мамилени оңдоо үчүн ал эбегейсиз аракет көрдү. Ошондуктан, Минск менен түзүлгөн жаңы келишимди Португалия жетекчилиги өзүнүн дипломатиялык жеңиши катары баалоодо. Беларустагы адам укуктарынын одоно бузулушуна нааразы болгон АКШ жана Европа Биримдигинин өлкөлөрү өткөн жылы Минскиге каршы дипломатиялык чектөө киргизгенде дагы, Биримдиктин ичинен жалгыз Португалия ага кошулбай койгон. Дээрлик бардык Батыш мамлекеттери өздөрүнүн аймагына Беларус президенти Александр Лукашенка жана өлкөнүн башка жогорку жетекчилеринин келишине тыюу салган. Натыйжада Лукашенка ноябр айында Прага шаарында өткөн НАТО уюмунун бийик жолугушуусуна катышпай калган, анткени чех өкмөтү ага виза бербей койгон.

Беларуста чындап эле адам укуктарынын абалы өтө начар. Бул өлкөдө, мисал үчүн, бийликке жакпаган журналисттер гана эмес, аттуу-баштуу саясатчылар жана Борбордук банктын төрайымы дагы дайынсыз жок болуп кетет. Бийлик саясатынан айырмаланган пикир жазган гезиттер дароо жабылат, акыркы мезгилде болсо, динге да катуу басым жасала баштады. Мисал үчүн, жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, өлкөдө 20 жылдан бери иштеген диний уюмдар гана расми каттоодон өтө алат, каттоодон өтпөгөндөрдүн баары жабылууга тийиш.

Минск шаарында жайгашкан өкмөттүк эмес Стратегиялык борбордун серепчиси Валерий Карбалевичтин айтымында, жакында өлкөнүн кесиптик кошуундары да өкмөт тарапка өттү: "Советтик мезгилдегидей эле, кесиптик кошуундар өкмөт менчигине өттү. Аларды эми президенттик администрациянын башчысынын орун басары жетектейт. Саясий партияларга болсо эбегейсиз басым жасалууда жана бул багытта эң катуу чараларды Укук министрлиги көрүп жатат".

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Минск ортосундагы мамиле мындан бир жарым жыл мурда бузулган. 2001-жылдын сентябрында Беларуста өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын уюм тааныбай койгон, анткени шайлоо абдан көп мыйзам бузуулар менен коштолгон жана аны демократиялык деп атоо мүмкүн эмес болчу. Ага жооп катарында Беларус бийлиги уюмдун Минскидеги кеңсесине басым жасап, анда иштеген дипломаттардын визаларын узартпай, чет өлкөлөрдөн чакырылган жаңы кызматкерлерге виза бербей койгон. Натыйжада, өткөн жылдын октябрында Минскидеги кеңседе бир да дипломат калган эмес.

Бирок Португалия өкмөтүнүн демилгеси менен 30-декабрда жаңы келишим түзүлдү. ЕККУнун Вена шаарындагы баш ордосунун маалымат катчысы Ричард Мөрфинин айтымында, жаңы кеңсе Беларус өкмөтүнө демократия орнотууга жардам көрсөтүү максаты менен түзүлүүдө: "Жаңы кеңсе Беларус өкмөтүнө мыйзамдуу башкаруучулуктуу орнотууга жана ЕККУнун принциптерине ылайык жарандык коом түзүүгө жардамдашат. Экинчиден, экономикалык жана экологиялык өнүгүү багытында да жардам көрсөтүлөт. Жана үчүнчүдөн, кеңсе өлкөдөгү окуяларга байкоо салып турат".

Эксперттердин айтымында, Беларус бийлигинин опурталдуу саясатына жооп катары өлкөнү эл аралык саясат менен турмуштан обочолонтуп салгандан көрө, ал өкмөт канчалык авторитардык болсо да, аны менен кызматташып, Беларус элине жардам көрсөткөн жакшы. Анткени башка өлкөлөрдөн бөлүнүп калган мамлекетте диктаторлук бийлик ого бетер катууланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG