Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Германияда табигый кырсыктар күч алды.


Кечээ кечинде Германиянын түштүк тарабын каптаган катуу бороон-чапкын аймакты алекизаматта алай-дүлөй түшүргөнү аз келгенсип, соңку 24 саат бою тынбай жааган жаан аралаш кар алып келген суу ташкыны эки кишинин өмүрүн алып кетти. Батыш жана борбордук Германияда транспорттук байланыш токтоп, Моссел жана Рейн дарыялары бууракандап, ташкындай баштады. Адистер дем алыш күндөрү суу ташкыны Зелл, Кобленз жана Кельн шаарларын капташы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Түндө өлкөнүн түштүк тарабында саатына 170 чакырым ылдамдыкта соккон кара бороон дарактарды түбүнөн жулуп, поезддерди жолдон чыгарган. Фрейденштадт шаарында шамалдан ураган чоң бак машинеге кулап түшүп, анын ичиндеги бир киши курман болуп, дагы бирөө оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жүздөгөн жолдор, электр зымдары түбүнөн жулунган бак-дарактардын кесепетинен иштен чыкканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG