Улуттар Уюмунун курал-жарактар боюнча инспекторлору ракеталардын бөлүктөрү даярдалышы мүмкүн деп шектелген Багдаддын түштүк-чыгыш тарабындагы мамлекеттик компанияны жана дагы башка 3 жайды кыдырышты. Инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликс ушул айдын этегинде, Ирактын куралсыздануу жараяны боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине отчет берээр алдында Багдадга бараарын жарыялады. Ал эми Пентагондун өкүлдөрү өткөн түнү АКШ менен Британиянын аскерий авиациясы Ирактын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Ал Кут калаасынын четиндеги абадан коргонуу-байланыш системаларына сокку урганын маалымдашты.