Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси, Пхеньян өзөктүк куралдар боюнча Вашингтон менен диалогго барууга даяр экенин билдирди.


Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралдар программасынын тегерегиндеги кырдаалды Вашингтон менен талкуулоого даяр экенин билдирди. Түндүк Корея өткөн айда өзөктүк реактору бар атомдук станцияларындагы көзөмөл жабдыктарынын баарын алып салып, Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорун өлкөдөн кетирген. Жума күнү Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Хан-Кюнг Пхеньян кризисин талкуулаш үчүн Москвага жөнөп кетти. Дүйшөмбүдө Вашингтондо АКШнын, Түштүк Кореянын жана Япониянын өкүлдөрү чогулуп, Пхеньян проблемасын талдашат. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Виллепин да келээрки аптада Орусияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга барып, Түндүк Корея кризисин талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG