Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстанда тазаланбаган алтынды өз алдынча казып алуу мыйзамдаштырылды.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Кыргызстанда тазаланбаган алтынды өз алдынча казып алуу, ишкерликтин бир түрү катары мыйзамдаштырылды. «Өкмөт башчысы мындай токтомго жума күнү кол койду» деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы. Аталган токтомго ылайык, мындан ары алтын казып алууну каалаган жарандар, тиешелүү бийлик органдарынан аталган тармакта иш жүргүзүүгө уруксат берген патент алышы зарыл. Мына ушуга байланыштуу, жакын арада Финансы министрлигинин киреше комитетети патент алууга төлөнүүчү акчанын суммасын эсептеп чыгып, коомчулукка маалымдайт. Финансы министрлигинин пикиринде, ишкердиктин мындай түрүн мыйзамдаштыруу келечекте мамлекеттин эсебине салыктын натыйжалуу түшүшүнө өбөлгө түзөт.

XS
SM
MD
LG