Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Кыргызстанда административдик реформа уланууда.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Ишемби күнү Өкмөт Үйүндө премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилигинде республикада админстративдик реформанын жүргүзүлүшү тууралуу жыйын болду. Отурумда Финансы министри Болот Абилдаев жана Транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев маалымат беришти. Болот Абилдаевдин маалыматына караганда, буга чейинки реформанын жүрүшүндө Финансы министрлигинин борбордук аппаратындагы башкармачылыктар жоюлуп, төрт департамент түзүлдү. Натыйжада, 28 жумуш орду кыскарып, 550 миң сом үнөмдөлгөн. Ал эми Кубанычбек Жумалиевдин билдирүүсүнө караганда, Транспорт жана коммуникация министрлигинин борбордук аппаратында 41 жумушчу орун кыскартылып, 738 миң сом үнөмдөлгөн.

XS
SM
MD
LG